Чет элдик номурлуу унаалар 1- октябрга чейин мыйзамдаштырылышы керек

Чет элдик номурлуу унаалар 1-октябрга чейин мыйзамдаштырылышы керек

Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик 2025-жылдын 1-октябрына чейин чет өлкөлүк номурлуу унаалардын ээлерине легалдаштыруу процедурасынан өтүү зарылдыгын эскертти. Төмөнкүлөр мыйзамдаштырылууга тийиш:

 

▪️2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген автоунаалар;

чет өлкөлүк мамлекеттик номурлары бар транспорт каражаттары;

укук белгилөөчү документтери жок жана бажылык тариздөөдөн өтпөгөн унаалар.

Мындай унаалар үчүн өзгөчө шарттар каралган:

▪️10-аймактын номерлери берилет;

ажыратууга жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгууга тыюу салынат;

▪️таксиде пайдаланууга жол берилбейт.

2025-жылдын 8-августуна карата Кыргызстанда 7056 чет элдик номурлуу унаа катталган. Эң көп сан Чүй облусунда, Бишкек шаарында жана Жалал-Абад облусунда. Эң азы Нарын облусунда катталган.

11:19, 08-08-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар