УКМК соцтармактын колдонуучусун бийликти басып алууга айыптап кармады

 

 

УКМК соцтармактын колдонуучусун бийликти басып алууга айыптап кармады

Threads социалдык тармагынын колдонуучусу бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктарды камтыган материалдарды тараткандыгы үчүн кармалды.

Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинде («Маалыматтык-коммуникациялык тармактарды пайдалануу менен бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында, 1980-жылы туулган Кыргызстандын жараны А.А.М. кармалды.

Ал Threads’те мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктарды камтыган билдирүүлөрдү такай жайгаштырып жана таратып келген.Коомдук тартиптин бузулушуна жана коомдук-саясий кырдаалдын туруксуздашына өбөлгө түзүшү мүмкүн болгон материалдарды тараткан.

УКМК билдиргендей, кармалган адам күнөөсүн мойнуна алган. Ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.

Арча медиа
11:36, 21-08-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар