Мурдагы спикер тууралуу видео кайрылуу жасаган Сыргаков кармалды
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулун сындаган видео кайрылуу жасаган Фейсбуктун колдонуучусу Жолдош Сыргаков кармалганын кабарлады.
Шаардык милициянын маалыматында бул социалдык тармактарга мониторинг учурунда аныкталып, видео жогорку мамлекеттик кызматкерлердин кадыр-баркына доо кетириши мүмкүн деп табылган.
Тергөөгө чейинки териштирүү учурунда Жолдош Сыргаков аныкталып, ал укук коргоо органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийбей аларды сөгүп-сакканы айтылды. Жыйынтыгында ал боюнча материалдар Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилип, “Майда бейбаштык” беренеси менен протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Жолдош Сыргаков 12-февралда Фейсбуктагы баракчасына Нурланбек Тургунбек уулунун спикерликтен кетиши боюнча видео чыгарып, ал президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурунку төрагасы Камчыбек Ташиевдин тандемин бузганын айткан.