Telegram, Microsoft жана Pinduoduo сыяктуу сервистердин Кыргызстандагы иши чектелиши мүмкүн

Telegram, Microsoft жана Pinduoduo сыяктуу сервистердин Кыргызстандагы иши чектелиши мүмкүн

Кыргызстанда Telegram, Microsoft жана бир катар чет элдик сервистердин иши чектелиши мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Alibaba, Pinduoduo, Twitch, Microsoft, Valve, Sony Interactive, Epic Games, Electronic Arts, VK, Telegram жана Dropbox Кыргызстанда милдеттүү салыктык каттоодон өтө элек.

2024–2025-жылдары аталган компанияларга Кыргызстандан 15,9 млн жолу акча которулуп, жалпы суммасы 13,2 млрд сомдон ашкан. Анын ичинде Pinduoduo — 8,89 млрд, Alibaba — 2,83 млрд жана Microsoft — 1,01 млрд сомду түзгөн.

Салык кызматы компанияларга бир нече жолу кат жөнөткөнү менен жооп болбогонун билдирди. Эгер алар салыктык каттоодон өтпөсө, Кыргызстандагы ишмердигине чектөө коюлушу мүмкүн.

Арча медиа
13:48, 19-08-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар