Эркештам өткөрүү пунктунда аскер өзүн атып алган
Эркештам өткөрүү пунктунда аскер өзүн атып алган
Эркештам көзөмөл-өткөрүү пунктунда жоокер өзүн атып алган. Аскер прокуратурасы окуяны Би-Би-Сиге тастыктады.
Аскер прокурорунун улук жардамчысы Эмир Бекжановдун айтымында, окуя бир күн мурун болгон. Учурда алдын ала тергөө жүрүп жатат жана анын жыйынтыгына жараша юридикалык баа берилет.
Ал окуя анын аскердик кызматына түздөн-түз тиешеси жок экенин кошумчалады.
Жабырлануучу Алай райондук ооруканасында анын абалы оор деп бааланууда. Ал келишим боюнча кызмат өтөп жаткан.