Орусияда дрон соккусунан беш киши каза болду, эки жерде Wildberries кампасы өрттөнүүдө

4-августка караган түнү Москва жана Ленинград облустары Украинанын дрон чабуулуна кабылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.

Москванын губернатору Андрей Воробьевдун айтымында, кеминде беш киши каза болду, дагы алтоо жараат алды.

Чехов муниципалдык округунда Новоселки өндүрүш аймагында дрон соккусунан кампада өрт чыкканы кабарланды.

Электр көмөк чордону, административдик имарат жана жеке турак жай зыянга учурады.

Чехов шаарында бутага Wildberries компаниясынын кампасы алынганын Astra басылмасы күбөлөргө таянып жазды. Ушундай эле маалыматты украиналык Exilenova+ Telegram каналы да жарыялады.

Ленинград облусунда да, губернатор Александр Дрозденко билдиргендей, кампа аймагына зыян келтирилди, бир адам жабыркады.

Wildberries компаниясынын басма сөз кызматы маркетплейстин Красный Бордогу логистикалык объектине чабуул жасалганын маалымдап, анда өрт чыкканын билдирди.

Компаниянын өкүлдөрү жабыркагандар жок экенин айтып, объекттеги кызматкерлер алдын ала эвакуацияланганын белгилешти.

Telegram каналдарында Красный Бордогу күйүп жаткан Wildberries кампасынын видеолору жарыяланды.

 

12:46, 04-08-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар