Бишкекте тротуарга токтогон чет элдик унаа талкууда
Бишкекте тротуарга токтогон чет элдик унаа талкууда
Социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринде тартылган видео тарады. Анда чет элдик номурлуу унаа жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү тротуар менен келип токтогону көрүнөт.
Видеону жарыялаган колдонуучулар айдоочунун аракетин сынга алышып, жол эрежелеринин сакталышы керектигин белгилешкен.
Азырынча унаанын айдоочусу жана окуя болгон жер тууралуу расмий маалымат бериле элек.