УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков эки айга камалды

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков эки айга камалды

Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбековду 2-сентябрга чейин камакка алды. 

Атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун экс-директору Уранбек Шадыбековго Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен айып тагылганы белгилүү болду.

Белгилей кетсек, Уранбек Шадыбеков 7-июлда Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган.Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенден кийин атайын кызматка барган Шадыбековдун коррупцияга шектелиши коомчулукта талкууга түштү. Шадыбеков менен кошо УКМКнын дагы төрт кызматкери кармалганын бир нече ЖМКлар жазышууда. Атайын кызмат бул боюнча маалымат бере элек

Арча медиа
14:08, 08-07-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар