Көчмөндөр оюндарынын ачылышы менен жабылышы Бишкектеги жаңы стадиондо өтөт

2026-жылы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы менен жабылышы Бишкектин четиндеги Орок айылында жаңы курулган "Бишкек Арена" стадионунда өтөт. Бул тууралуу маалымат жыйында маданият министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.

Стадионго 51 миң көрүүчү батат. Министр белгилегендей, негизги мелдештер салт боюнча Ысык-Көлдөгү ат майданы менен Кырчын жайлоосунда өтөт.

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында "Көчмөндөр ааламы" этношаарчасы курулат. Ошондой эле этнобийлер, этникалык хип-хоп, этномода фестивалы өткөрүлөт", — деди Мамбеталиева.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгы түзүлгөнүн, ал убакыттын өтүшү менен Эл аралык Олимпиада комитети сыяктуу иштей турганын билдирди. Анын башкы кеңсеси Бишкекте жайгашкан.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үч багыт боюнча (спорт, маданият, илим) өткөрүлөт. Ага 90го жакын өлкөнүн өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2014, 2016 жана 2018-жылдары өткөрүлгөн, ал эми 2022-жылы иш-чара Түркияда, ал эми 2024-жылы Казакстанда өттү.

 

15:30, 24-07-2025

Комментарийлер

lxbfYeaa
555
lxbfYeaa
555
lxbfYeaa
555
lxbfYeaa
555
lxbfYeaa
555
lxbfYeaa
555

Башка жаңылыктар