Бишкектеги медициналык шаарчанын жанына дарыгерлер үчүн ипотекалык батир курулат
Бишкектеги медициналык шаарчанын жанына дарыгерлер үчүн ипотекалык батир курулат
Бишкектин түштүгүндө курулушу пландалган медициналык шаарчанын жанына ипотекалык батирлер курулат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, 5000 дарыгерге кезексиз ипотекалык батир берүү боюнча долбоор бар. Бирок бул үйлөр азырынча курула элек.
«Бизде медициналык шаарча куруу боюнча долбоор алдыда турат. Ошол медициналык шаарчанын жанына медициналык кызматкерлер үчүн көп орундуу имарат курулат.
Беш миң дарыгер толугу менен ошол жерден турак жай менен камсыз болот. Азырынча аларга бөлүштүрүлгөн даяр үй жок. Жакын арада 2000дин тегерегиндеги дарыгерге үй берүү пландалууда жана тиешелүү тизмелер түзүлүп бүттү», - деди ал.
Осмонов турак жай берүүдө кезек эске алынарын кошумчалады.