Ошто дыйканга кол көтөргөн соодагерлердин үчөө кармалып, бирөө үй камагына алынды

Ош шаарындагы базарлардын биринде дыйканга кол көтөргөн соодагерлердин үчөө убактылуу кармоочу жайга камалып, бирөө үй камагына алынды. Бул тууралуу 6-июлда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин социалдык тармактарда Ош шаарындагы базарлардын биринде соодагерлердин ортосунда жаңжал чыгып, бир жаранга карата күч колдонулгандыгы тартылган видео тараган. Анда соодагерлер базарга кулпунай сатканы келген дыйканды уруп-сабап, сүрүп чыгарып, жемишин ыргыта тепкени тартылган.

Аталган факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Тергөөнүн жүрүшүндө окуяга тиешеси бар деп шектелген 1990-жылы туулган Ө. кызы О., 1988-жылы туулган Д.М. жана Я.Б, ошондой эле М.С. кармалып, кылмышка шектүү катары айып угузулду.

Шектүү катары кармалган Д.М., Я.Б., М.С. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми Ө. кызы О. жашы жете элек балдары бар экендиги эске алынып, үй камагына бошотулду.

Учурда кылмыш ишинин алкагында окуянын бардык жагдайларын толук, ар тараптуу жана объективдүү аныктоого багытталган тергөө амалдары улантылууда.

 

18:08, 06-07-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар