Өзүн ИИМ кызматкери катары тааныштырып, пара талап кылган жаран кармалды
Өзүн ИИМ кызматкери катары тааныштырган Ч.Р.Ж. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, Ч.Р.Ж. ИИМ жетекчилигине таянып, ишенимге кирүү аркылуу Ж.А.Ж. аттуу жарандан 500 доллар алган.
Мындан тышкары, ал жабырлануучуну "Свердлов райондук ИИБи сени камакка алганы жатат" деп коркутуп, маселени чечип берүү үчүн кошумча 2 миң доллар талап кылган. Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.
Белгиленгендей, 18-февралда "Пара талап кылуу" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкекте 45 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен Ч.Р.Ж. кармалды.
Учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.