«Бала ырысы» жөлөк пулун үчүн арыз кабыл алуу башталды

 

«Бала ырысы» жөлөк пулун үчүн арыз кабыл алуу башталды

Кыргызстанда 1-июлда «Бала ырысы» жөлөк пулун алууга арыз кабыл алуу башталды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков аталган жөлөк пул президенттин жарлыгы менен киргизилип жатканын эске салды.

Жөлөк пулдун өлчөмү 1200 сомду түзөт. 

Аны социалдык абалына карабастан 3 жашка чейинки бардык балдар алышат.

Анын айтымында, калктын 38%ын балдар түзөт.

«Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, балдар арасындагы жакырчылыктын деңгээли 33%, 3 жашка чейинки балдар арасындагы жакырчылыктын деңгээли 37%ды түзөт. «Бала ырысы» жөлөк пулун 440 - 470 миң бала алат деп күтүлүүдө», - деди Байгончоков.

Арча медиа
11:23, 02-07-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар