ӨКМ Суусамырда мал-жаны менен көчкү алдында калган чабанды издей баштады

 Кечээ Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл аймагынын Бороондуу жайлоосунда 59 жаштагы Д.А. аттуу жаран 50 баш кою, бир аты менен кар көчкү астында калганын ӨКМ билдирди.

Кырсык тууралуу кабарды куткаруучуларга Кызыл-Ой айылынын башчысы берген.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен ӨКМдин аймактык башкармалыгынан 24 куткаруучу көчкү алдында калган жаранды издөө иштерине жөнөтүлдү.

13:12, 13-02-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар