“Жунда” заводуна бензиндин өндүрүшүн көбөйтүү тапшырмасы берилди
Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы “Жунда” заводуна айына 24 миң тонна бензин өндүрүү, ушул жылдын аягына чейин бул көлөмдү 50 миң тоннага чейин жеткирүү тапшырмасы коюлду.
Бул тууралуу президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев билдирди. Ал ишкананын ишмердиги жана чыгарылган продукциянын лабораториялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын көргөнү барганда айтты.
“Мындан тышкары “Кыргызская Нефтяная Корпорация” ЖЧКсы менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу тапшырылды. Коюлган милдетке ылайык, мамлекеттик компания кайра иштетүү үчүн заводго чийки зат жеткирүүнү камсыз кылат, ал эми өндүрүлгөн мунай заттары ички рынокту туруктуу камсыздоо үчүн Кыргызстандын ички рыногуна толугу менен багытталат”, - деди ал.
Орусиянын көптөгөн аймактарында жана Москва аннексиялап алган Украинанын аймактарында июнь айында бензин тартыштыгы байкалып, баа кескин кымбаттай баштаган. Буга украиналык дрондордун орусиялык мунай иштетүүчү заводдорго жасаган чабуулдары себеп болгону айтылууда.
Кыргызстан күйүүчү майдын 90-95 пайызын Орусиядан импорттогондуктан ушул тапта Кыргызстандагы айрым май куюучу жайларда АИ-95 жана АИ-98 үлгүсүндөгү бензиндин тартыштыгы байкалаууда. Өлкөнүн жылдык керектөөсү орточо 1,5 млн тоннаны түзөт.