Абактагы Имамидин Ташовдун ден соолугу начарлаганы айтылды
Абактагы Имамидин Ташовдун ден соолугу начарлаганы айтылды
KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун адвокаты Асел Аргымбаева камактагы ишкердин ден соолугу начарлап 19-июндан 20-июнга караган түнү тергөө абагына эки жолу “Тез жардам” чакырылганын билдирди.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы азырынча комментарий бере элек.
Эске салсак, Бишкектин Биринчи май райондук соту 2025-жылдын 25-июлунда Имамидин Ташовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыраткан.