Такси айдоочуларына лицензия берүү мөөнөтү узартылды
Такси айдоочуларына лицензия берүү мөөнөтү узартылды
Жарандардын өтүнүчтөрүнүн негизинде такси айдоочуларына лицензия берүү мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө чейин 14 000ден ашык адам жана 400дөн ашык юридикалык жак лицензия алышкан.
Ички иштер министрлиги такси айдоочуларын акыркы мүнөткө чейин күтпөөгө, керектүү документтерди алдын ала даярдап, лицензияларын тез арада алууга чакырат.