Унаанын терезесин караңгылатуу дагы арзандашы мүмкүн
Унаанын терезесин караңгылатуу дагы арзандашы мүмкүн
Президенттин мүлкүн башкаруу департаменти бир айлык акцияны сунуштап жатат: 10-июндан 10-июлга чейин жеке адамдар үчүн алдыңкы каптал терезелерди караңгылатууга уруксат 50 000 сомдун ордуна 35 000 сом турат.
Бийлик муну караңгылатылган терезелердин артында унаа айдагысы келгендердин саны көбөйүп баратканы менен түшүндүрүүдө. Буга байланыштуу терезелерди караңгылатууга уруксат берүүнүн баасын арзандатууну сунушталууда.