Ишкер Урмат Бекболиев кармалды
Ишкер Урмат Бекболиев кармалды
Жеке ишкер Урмат Бекболиев 1-июнда үй камагын бузгандыгы үчүн кармалган.
Ал ишкер жана Urmat Auto Trade автосалонунун ээси катары белгилүү. Буга чейин социалдык медиада жана маалымат каражаттарында борбордун ишине байланыштуу алдамчылыктын курмандыгы болгонун адамдардын билдирүүлөрү жарыяланган.
Буга байланыштуу Бекболиев ушул жылдын апрель айында кармалган, ал эми май айында Бишкек шаардык соту анын тергөө камак жайын өзгөртүп, үй камагына бошоткон.
Урмат Бекболиев ырчы Анжелика Кайратованын мурунку күйөөсү катары белгилүү.
Ички иштер министрлигинен анын кармалышы боюнча комментарий болгон жок.