Депутат Бекешев УКМКга ТикТоктун бөгөтүн алып салуу өтүнүчү менен кайрылды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев ТикТок социалдык тармагынын бөгөтүн алып салууну өтүнүп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасына кайрылды. Бул тууралуу депутат 20-февралда Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал ТикТокту бөгөттөөнүн зарылчылыгы жоктугун белгиледи.

Депутат социалдык тармакты бөгөттөө коопсуздукту сактоого өбөлгө болуп бере албасын, тескерисинче, экономикага жана жарандарга кошумча тобокелчиликтерди түзөрүн айтууда.

ТикТок социалдык тармагын
бөгөттөө чечимин кайра карап чыгуу сунушу менен 18-февралда Маданият, маалымат, спорт жана миграция министрлиги да чыккан. Министрдин орун басары Марат Тагаев Кыргызстанда ТикТок бөгөттөлгөнүнө карабай жарандар ага VPN аркылуу кирип, пайдаланып жатышканын айткан. Ал ошондой эле аталган соцтармакты жабуу жаштардын аудиториясына, ТикТокту ишкерлигин өнүктүрүү үчүн колдонуп келген креативдүү индустрия жана чакан бизнестин өкүлдөрүнө терс таасирин тийгизгенин белгилеген.

 

13:56, 20-02-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар