Шайлоодо үгүтчүнү азайтуу сунушу парламенттик комитетте колдоо тапты
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинде шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Документте үгүтчүлөрдүн санын кыскартуу сунушталып, талапкерге ар бир шайлоо тилкесине эң көп үч үгүтчү алууга уруксат берүү каралууда.
Демилгечилердин бири, депутат Камила Талиева бул “мыйзамдуу добуш сатып алууга каршы чара” экенин белгиледи.
Депутат Жылдыз Таалайбек кызы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн түзүлгөн округдардагы тилкелердин саны бир кылка эмес экенине көңүл бурду.
“Мисалы, мен шайланган №30 шайлоо округунда 103 шайлоо тилкеси бар экен. Мен ал жакта 309 үгүтчү ала алам. Бирок Талас округунда 72 тилке бар, алар 216 үгүтчү ала алат. Ошондо талаш-тартыш болуп калбайбы? Шайлоочунун саны бардык эле округда негизинен бирдей эле”, - деди Таалайбек кызы.
Талиева шайлоочунун санына жараша тилкелер ачыларын белгилеп, жаңы сунушту адилеттүү деп мүнөздөдү.
Депутаттар арасында шайлоо өнөктүгүнө тууган-уруктары ыктыярдуу жардам берүүсүнө чектөө коюп-койбоо маселеси талкууланды.
Долбоордун авторлорунун бири Мирлан Жээнчороев ыктыярдуу үгүтчүлөргө уруксат берүү “кайра эле мыйзамдуу добуш сатуу алууга жол ачарын” белгилеп, азыркы мыйзамда үгүтчү катары келишим түзгөн гана адамдар үгүт кампаниясына катыша алары жазылганын тактады.
“Бүгүнкү күндө үгүтчүлөрдү 70% кыскартып жатсак, шайлоо фондун да карап койсок болот. 50% чейин төмөндөтүү маселеси. Ошондо тең шартты түзүүгө мүмкүнчүлүк ачат”, - деди Жээнчороев.
Азыркы шайлоо мыйзамына ылайык, президенттик шайлоодо бир талапкерге 10 миң жана парламенттикте 1 миң үгүтчү алууга уруксат берилет.
Талапкерди колдоо үчүн кол топтоо жараянын электрондук форматта жүргүзүүгө уруксат берүү сунушталууда.
Демилгечи депутаттар буга чейинки шайлоолордо талапкер болууга арыз жазганы менен фонд түзбөй, күрөө төкпөй койгондор көп болгонун белгилеп, муну убаракерчилик жана ак ниет саясий атаандаштык принцибине каршы келет деп баалашкан. Былтыр өткөн парламенттик шайлоого катышуу ниети жөнүндө берилген 589 арыздын ичинен 467си гана катталганын, алардын 122си арыз жазуу менен гана чектелгенин келтиришкен.
Шайлоо мыйзамына былтыр апрелде өзгөртүү киргизилип, Жогорку Кеңешке 30 округ аркылуу 90 депутат шайланып келе турган болгон. Буга чейин 36 мандат округдардан уткан талапкерлерге, калган 54 мандат саясий партияларга берилип келген. Мындан тышкары үгүтчүлөрдүн саны 500дөн 1 миңге, шайлоо күрөөсү 300 миң сомго көбөйгөн.