Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди

Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди 

БШК бүгүн, 19-майда Максат Алымбековго мандат берди. 

Эске салсак, 11-майда Темирлан Айтиев өз арызы менен депутаттык мандатын тапшырган.

Анын ордуна парламенттик шайлоодо 2867 добуш алган Максат Алымбеков депутат болду. 

Алымбеков Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында төрөлгөн. 2001-жылы Бишкек шаарындагы орто мектепти аяктап, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен “Юриспруденция” адистигин аяктаган. 

2017–2021-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин аппаратынын жетекчиси болгон.  2021-жылы Бишкек шаардык кеңешинин депутаты – “Ынтымак” фракциясынын лидери болуп иштеп жаткан.

Арча Медиа
12:41, 19-05-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар