Урмат Самаев Токтогулга аким болду

Урмат Самаев Токтогулга аким болду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты жана Токмок шаарынын мурдагы мэри Урматбек Самаев Токтогул районунун акими болуп дайындалды.

Садыр Жапаров Акылбек Түкебаевди Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун акими кызматынан бошотту.

1986-жылы туулган Урматбек Самаев Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын "Кыргызстан" партиясынан депутаты болгон. 2021-жылдын август айында ал Токмок шаарынын мэри болуп шайланган.

2023-жылдын апрель айында Самаев Токмоктогу "Жылуулук" муниципалдык ишканасында коррупциялык схеманы уюштурган деген шек менен камакка алынган. Ал күнөөнү мойнуна алуу келишимине кол коюп, мамлекеттик бюджетке 25 миллион сом зыян төлөгөндөн кийин үй камагына бошотулганы кабарланган.

2025-жылы Жогорку Сот Урмат Самаевди күнөөсүз деп тапкан.

Арча медиа
12:59, 15-05-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар