Чүйдө унаа сүзүп кеткен беш адам каза болду. Алардын төртөө жаш балдар

Бишкекке танапташ Кашка-Суу айылында жол кырсыгынан беш адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады. Маалыматка ылайык, 14-майда кечке маал Бишкек-Кашка-Суу жолунда Honda Torneo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта беш адамды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен беш адам мүрт кеткен. Алардын төртөө 14, 6, 4 жана 2 жаштагы балдар. Кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, унаанын 22 жаштагы айдоочусу камакка алынды.

09:36, 15-05-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар