Кыргызстан да электр энергиясын керектөө боюнча рекорд коюлду
Кыргызстанда электр энергиясын керектөө боюнча рекорд коюлду
2025-жылдын 22-июлунда Кыргызстандын энергетика тармагында суткалык электр энергиясын керектөө 44 миллион 124 миң кВт/саатты түздү. Бул байкоолордун бүткүл тарыхындагы жайкы керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү. Салыштыруу үчүн: 2024-жылдын 22-июлунда суткалык керектөө 36 млн кВт саатка жакынды түзгөн. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Ведомствонун маалыматына ылайык, керектөөнүн өсүшүнүн негизги себептери болуп төмөнкүлөр саналат:
- ысык аба ырайынын шарттары, кондиционерлерди жана муздаткыч жабдууларды пайдаланууну көбөйтүү;
- керектөөчүлөрдүн санынын жыл сайын өсүшү - орточо 30 миң жаңы абонент;
- жаңы объектилерди, анын ичинде көп кабаттуу турак жайларды жана өнөр жай объектилерин ишке киргизүү.
«Колдонулбаган тиричилик техникаларын өз убагында өчүрүү жана электр энергиясын этияттык менен пайдалануу – бул энергетика тутумунун туруктуу жана үзгүлтүксүз иштешине ар бир адамдын салымы», - деп айтылат билдирүүдө.