Садыр Жапаров Баткенге иш сапары менен барды
Садыр Жапаров Баткенге иш сапары менен барды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда Баткен облусуна иш сапары менен барды. Президенттик администрациядан кабарлагандай, мамлекет башчы кыска мөөнөттүү сапар алкагында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекеттик чек аралары кесилишкен жерде орнотулган Достук стеласы менен, “Достук” эл аралык соода-экономикалык паркынын концепциясы менен таанышты.
Жалпы аянты 100 гектар болгон комплекс административдик, туристтик, логистикалык, өндүрүштүк, коммерциялык жана парк зоналарын камтыйт.
«Долбоор соода-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга жана жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган. Долбоор ишке ашса 5 миңден ашуун жумуш орундары түзүлүп, чек арадагы соода жүгүртүүнүн көлөмү көбөйөт», - деп айтылат маалыматта.