Чыңгыз Айдарбеков кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталууда
Чыңгыз Айдарбеков кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталууда
14-апрелде Ички иштер министрлиги Чыңгыз Айдарбеков Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү (“кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча айыпталып жатканын билдирди.
“Текшерүү учурунда белгилүү болгондой, А.Ч.А. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп иштеп турган мезгилде айрым кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, бюджеттик каражаттарды пайдаланууга байланыштуу бир катар мыйзам бузууларга жол берген. Тактап айтканда, каражаттарды мыйзамсыз чыгымдоо, айрым чыгымдардын көлөмүн жогорулатуу, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын тийиштүү документтерсиз же жасалма документтерди колдонуу менен эсептен чыгаруу, ошондой эле аларды өзүнө ыйгарып алуу фактылары, анын ичинде аффилирленген түзүмдөр аркылуу ыйгарып алуу фактылары орун алган”, - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.
Айдарбековго айыбы угузулуп, өлкөдөн чыкпоо түрүндөгү бөгөт чарасы коюлган. Учурда тергөө жүрүп жатат.