Президент Оштун мурдагы мэринин ишине укуктук баа берилерин айтты
Президент Садыр Жапаров Ош шаарынын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин ишине укуктук баа берилерин, бирок ошол эле учурда анын эмгектери да эске алынарын билдирди. Мамлекет башчы Оштогу сапары учурунда журналист Ыдырыс Исаковдун суроосуна жооп берип жатып, мурдагы мэрдин тушунда оозеки келишим менен курулган курулуштар, кызыл чектен чыкпаса да сүрдүрүлгөн үйлөр болгонун айтты:
"Ишине баарыбыз эле ишенип атканбыз да. Токторбаевдин ишине укуктук баа берилет бирок, анын эмгектерин да эске алышыбыз керек. Учурда бардык тараптан текшерүү, иликтөө иштери жүрүп жатат", - деди президент.
Мамлекет башчы ошондой эле мүлктөрү мамлекетке адилетсиз алынган ишкерлердин иши да каралып жатканын маалымлады. Анын сөзүнө караганда, эгер мүлктөр учурунда мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталса, алар кайтарылбайт.
"А бирок "мамлекетке өтөт" деп алып туруп, өздөрүнө менчиктеп алган мүлктөр да чыгып жатат, андай мүлктөр ээсине кайтарылат", - деди Жапаров.