Бишкекте терезеден кулаган келиндин күйөөсү эки айга камалды

Бишкекте терезеден кулаган келиндин күйөөсү эки айга камалды

Бишкектин Ленин райондук соту эки баласы менен алтынчы кабаттан кулаган келиндин күйөөсүн 4-июнга чейин камакка алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык соту 7-апрелде кабарлады. Маркумдун күйөөсүнүн бөгөт чарасы 6-апрелде каралды.

Жал кичи районунда алтынчы кабаттан кулаган келиндин жана 2025-жылы туулган ымыркайынын сөөгү 6-апрелде жерге берилди.

Каргаша 4-апрелдин кечинде болгон. 27 жаштагы келин 2025-жылы жана 2021-жылы туулган эки баласы менен кулаган.

12:56, 07-04-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар