Трамп «Би-би-си» корпорациясын $10 млрдга сотко берди

 

АКШ президенти Дональд Трамп британдык «Би-би-си» телерадиокорпорациясына каршы федералдык сотко доо арыз берди. Ал Майами сотунан 10 миллиард доллар өлчөмүндө компенсация талап кылууда.

 Доонун себеби — 2024-жылдагы президенттик шайлоого бир жума калганда Panorama программасында чыккан «Трамп: экинчи мүмкүнчүлүк» аттуу даректүү тасма. Трамптын айтымында, фильмде анын 2021-жылдын 6-январындагы сөзү атайылап бурмаланган.

Доо арызда «Би-би-си» анын сөздөрүн монтаж аркылуу зордук-зомбулукка жана Капитолийди басып алууга чакыргандай кылып көрсөткөнү айтылат. Трамп муну шайлоого түздөн-түз кийлигишүү аракети катары баалады.

Фильмде Трамптын «Биз Капитолийге барабыз… биз күрөшөбүз» деген сөздөрү бириктирилип берилген. Бирок доо арызга ылайык, бул сүйлөмдөр чындыгында дээрлик 55 мүнөт аралык менен айтылган.

18:05, 17-12-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар