Дагестан: Суу ташкындан дамба жырылды, 800дөй үйдүн жашоочулары эвакуацияланды
Дагестанда нөшөр жаан жана суу ташкындан улам Гежух дамбасы жырылып, Дербент районунда 800дөй үйдүн жашоочулары эвакуацияланды.
Дагестандын Коомдук байкоо комиссиясынын төрагасы Шамил Хадулаев дамба эки тараптан тең жырылганы тартылган видеону көрсөттү.
Жергиликтүү бийлик азыр дамбанын жырылышынан да Кайтагдан Гежух дамбасына агып кирип жаткан дарыя ташып кетиши мүмкүн деген коркунуч бар экенин билдирүүдө.
Дамба толук ташыса Дагестанские Огни калаасын капташы ыктымал. Суу ташкындан улам Кирки кыштагында бир киши каза тапканы кабарланды.
Махачкалада нөшөрдөн, суу ташкындан кийин көп кабаттуу турак жай кулап түшкөнү тартылган видеолорду жергиликтүү пабликтер жарыялап жатышат.