Бишкектеги жер тилкелерди мыйзамсыз саткан деп мурдагы аткаминерлер кармалды

Бишкектеги жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу боюнча мурдагы аткаминерлер кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кеп Октябрь районунун аймагындагы бир гектардан ашык 21 жер тилке тууралуу болууда.

"Райондун акими жана Курулуш министрлигинин мурдагы кызматкери документ жасалмалап, жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алган. Кылмыштуу аракеттердин натыйжасында мамлекетке 300 миллион сомдон ашык зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүү Б.К.Э. жана У.М.И. аттуу жарандар күнөөсүн мойнуна алып, өз ыктыяры менен жер тилкелерин мамлекеттин менчигине кайтарып беришкен.

 

14:14, 15-08-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар