Улуттук банктын мурдагы башчысы Мелис Тургунбаев кармаллы

Улуттук банктын мурдагы башчысы Мелис Тургунбаев кармалды

Бул тууралуу Kaktus.media басылмасы өздүк булактарына таянып жазды. 

Маалыматка караганда, кечээ, 25-мартта, Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын кызматкерлери Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаевди "Кыргызнефтегаз" иши боюнча күбө катары суракка чакырышкан.

Сурактан кийин Тургунбаев Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 

Белгилей кетсек, Тургунбаев мурда жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп иштеген.

10:58, 26-03-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар