БШК төрт талапкерди Жогорку Кеңештин депутаты катары каттады

 Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында төрт талапкерди Жогорку Кеңештин депутаты катары каттады.

Ага ылайык, депутаттык мандаттар төмөнкү талапкерлерге берилди:

Улугбек Ормонов (Курманкул Зулушевдин ордуна);

Мавлюда Калбердиева (Шаирбек Ташиевдин ордуна);

Бактыбек Чойбеков (Нурланбек Азыгалиевдин ордуна);

Алтынкүл Мурзакимова (Гүлсүнкан Жунушалиеванын ордуна).

Жаңы депутаттар расмий түрдө катталып, аларга күбөлүктөр жана төш белгилер тапшырылды.

 

14:06, 18-03-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар