Ысык- Көлдө сел агызып кеткен өспүрүмдүн соөгү табылды

Ысык-Көлдө сел агызып кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды

 Ысык-Көл облусунун Булан-Сөгөттү айылында сел агызып кеткен 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү 8-июнга караган түнү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

5-июнда саат 20:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен тоонун боору урап түшүп, сел суусуна кошулган ылай Балыкчы — Ананьево — Каракол автоунаа жолунун 92-чакырымын жана “Мерседес Спринтер”, “Форд Мондео” машинелерин, андагы эки адамды басып калган.Издөө иштеринин натыйжасында 5-июнда саат 23:35те (У.Т. аттуу 2008-жылы туулган) 18 жаштагы эркектин сөөгү табылган. Учурда селден кесепеттерин жоюу иштери уланууда.

10:36, 08-06-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар