Кыргызстанда күйүүчү май көйгөйү жоктугу айтылды

Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын Монополияга каршы тескөө кызматы 4-мартта өлкөгө күйүүчү май ташыган ири мунай компаниялары менен жолугушуп, күйүүчү май менен камсыздоо абалын талкуулады. Мекеме 5-мартта маалымдаганына караганда, Кыргызстанда алдыңкы эки айга жетерлик күйүүчү май запасы бар.

Мунай ташуучулар Орусиядан күйүүчү май мурда бекитилген график боюнча үзгүлтүксүз келип жатканын билдиришти.

Жолугушууга "РН-Кыргызмунайазык", "Партнер нефть", "Альфа Ойл" жана башка мунай ташуучу компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун аягында Монополияга каршы тескөө кызматы мунай ташуучулардан күйүүчү майдын азыркы чекене баасын кармоо, кескин кымбаттап кетүүсүнө жол бербөө жана таңкыстыкты алдын алуу милдетин койду. Ишкерлер жыл аягына чейин күйүүчү май базарын үзгүлтүксүз камсыздоо милдетин аткарууга даярдыгын билдиришти.

Быйыл январь айында күйүүчү майдын чекене баасы 1 литрине орточо 3 сомго арзандаган. Мисалы, азыр А-95 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литри 78-79 сомдон сатылып жатат. Бирок мындан аркы баа Орусиянын мунай иштетүүчү заводдору койгон баага түз көз каранды болору айтылды.

Күйүүчү майды Кыргызстанга бажы төлөмсүз ташуу эки өлкөнүн ортосундагы макулдашууга ылайык жүргүзүлүп келет.

 

15:31, 05-03-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар