Президент Жапаров Чүй менен Баткендеги өкүлдөрүн кызматтан алды
Президент Садыр Жапаров Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмоновду жана Баткендеги өкүлү Айбек Шаменовду кызматтан алды. Бул тууралуу жарлыкка кол койгону 3-мартта жарыяланды.
Азамат Осмонов бул кызматта 2025-жылдын декабрынан бери иштеди. Ага чейин президенттик администрациянын Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы болуп иштечү. Анын алдында УКМКнын кызматкери болгон.
Айбек Шаменов бул кызматты 2024-жылдын декабрынан бери аркалап келди. Ага чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин антитеррордук борборунун директору болуп иштеген.
Ошентип атайын кызматта иштеген эки жетекчи иштен алынды.
Ушул эле күнү президент Осмоновдун ордуна Элкинбек Аширалиевди Чүй облусундагы өкүлү кылып дайындады. Ал эми Баткен облусуна Мамыржан Рахимов дайындалды.
51 жаштагы Аширалиев 2017-2021-жылдары президенттин Чүй облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болгон.
Мамыржан Рахимов 2022-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин президенттин Баткен облусун калыбына келтирүү боюнча өкүлү болуп дайындалган.
2022-жылы июнда УКМК Рахимовдин диплому жасалма деп шек санап, Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүмү (“Дипломдорду жасалмалоо”) менен кылмыш ишин козгогон. Бул тууралуу Рахимов комментарий берген эмес жана бул иштин кийинки жагдайы кандай болгону белгисиз.