Жубайлар ажырашкан учурда жолдошу аялына батир акысын төлөөгө милдеттендирилиши мүмкүн

Жубайлар ажырашкан учурда жолдошу аялына батир акысын төлөөгө милдеттендирилиши мүмкүн

Жогорку Кеңештин депутаттары Турак жай кодексине жана Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышты. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, ажырашуу учурунда сот жубайлардын биринин (көбүнчө жашы жете элек балдары менен калган тараптын) талабы боюнча экинчи жубайга төмөнкү милдеттердин бирин жүктөөгө укукту алат:

өзүнүн менчигиндеги турак жайда мурдагы жубайына убактылуу жашап турууга уруксат берүү;

же сот тарабынан белгиленген мөөнөткө башка турак жайды ижарага алуу үчүн акы төлөп берүү.

Депутаттар белгилегендей, учурда өлкөдө ажырашуулардын саны азайбай келет: 2024-жылы 13,3 миңден ашык, ал эми 2025-жылы 14,2 миңге жуук ажырашуу катталган. Улуттук каада-салттан улам үй-жай көбүнчө эркекке катталып калгандыктан, ажырашкандан кийин балалуу аялдар дароо көчөдө калып, оор кырдаалга туш болууда.

Арча медиа
13:25, 26-10-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар