Бишкекте миңге жакын картаң бак-даракты кыюу пландалууда
Быйыл борбор калаада 800дөн 1000ге чейин картаң бак-даракты кыюу пландалууда. Бул тууралуу "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев билдирди.
Анын айтымында, негизинен терек жана кара жыгач сыяктуу дарак түрлөрү кыйылат. Ошондой эле 50 көчөдө жана 20 тротуар куруу пландалган тилкелердеги бактар да алынары белгиленди.
Ошол эле учурда 17 миң бак отургузуу мерчемделген. Мындан сырткары, 50 миң көчөт үчүн мэрия тарабынан каражат бөлүнгөн. Алар атайын питомникте климатка ылайыкташтырылып, 2027-жылы шаар аймагына отургузулат.