УКМК кызматкерине пара катары эки 100 граммдык алтын куйма берүүгө аракет кылган киши кармалды
УКМК кызматкерине пара катары эки 100 граммдык алтын куйма берүүгө аракет кылган киши кармалды. Бул тууралуу атайын кызмат билдирди. Маалыматта шектүү иликтенип жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим кабыл алууну өтүнгөнү айтылат.
48 жаштагы киши УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.