Бишкекте 135-автобустан телефондорду уурдап жүргөн жаран кармалды

Бишкекте 135-автобустан телефондорду уурдап жүргөн жаран кармалды

Бишкектин тургуну арыз менен кайрылган соң, шектүүнү издөө башталган. Жабырлануучу автобуска түшүп, Леваневский көчөсүнө чейин барып, iPhone 16 Pro телефонун жоготуп алган. 

Милиция Ош базарында телефон саткандарга рейд жүргүзгөндө 60 дан ашык уурдалган телефон табылган. Арасында арыз жазган кыздын iPhone 16 Pro телефону да болгон. 

Натыйжада иш козголуп, шектүү камакка алынды.

10:31, 24-02-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар