Депутат Кундузбек Сулайманов мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды

Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Боршайком ырастап, арыз 23-февралда караларын айтты.

Кундузбек Сулайманов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын адамдардын бири.

3-февралда президент Садыр Жапаров айдоочуларды даярдоо боюнча жаңы өзгөртүүлөрдү сынга алган депутаттарды айыптап, “популизмден алыс болууга” чакырган.

4-февралда парламенттин жыйынында Кундузбек Сулайманов менчик автомектептердин маселесин айткан депутаттардын аракети популизм эмес экенин билдирген.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.

09:54, 23-02-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар