"Айчүрөк" соода борборунун жанындагы фонтан калыбына келтирилет
Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунун жанындагы курулуштар бузулуп, мурдагы оргума калыбына келтирилет.
Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев 19-февралда аталган соода борборунун жанындагы курулуш иштерин текшерип жүргөн кезде билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы "Айчүрөк" соода борборунун жетекчилигине кайрылып, алар куруп жаткан объект бекитилген эскиздик долбоорго ылайык келбей жатканын белгиледи.
"Шаар куруу нормалары жана Шаар куруу кеңешинде белгиленген тартипте каралып, бекитилген эскиздик чечимдер сакталган жок. Ошондуктан, биз курулган конструкцияларды бузууну жана жашыл аймак менен фонтан зонасын баштапкы абалына келтирүүнү талап кылабыз", - деди мэр.
Калаа башчысы мындан тышкары үч күн ичинде демонтаж иштерин баштабаса, курулушту мэриянын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы бузарын, алардын чыгымдарын толугу менен компания төлөрүн эскертти.
Айбек Жунушалиев ал жердеги Old Bishkek долбоорунун курулушу боюнча буга чейин мэрия Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине кайрылганын, долбоор мурда коюлган талаптарга шайкеш келерин текшерип, көзөмөл жүргүзүү өтүнүчү менен кат жөнөткөнүн кошумчалады:
"Биз объектке бир нече жолу келип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, долбоорлорду бекитилген документтерге жана шаар куруу нормаларына ылайык келтирүүгө чакырганбыз. Буга карабастан, курулуш иштери улантылган".
Мэр компания өкүлдөрүнө экинчи кабаттын үстүнө чатыр жабуу иштерин убактылуу токтотууну, ал эми Бишкек шаардык башкы архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жетекчисине долбоорду шаар куруу талаптарына ылайык ишке ашыруу боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.