Эки акча алмаштыруу жайына айып салынды
Жалал-Абад облусундагы эки акча алмаштыруу жайына айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган банктын Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында акча алмаштыруу жайлары мыйзамдарды жана Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги аныкталды.
Буга байланыштуу акча алмашуу бюросунун ар бирине 55 миң сом өлчөмүндө айып салынды.