Өзбекстанга барган туристтердин саны боюнча Кыргызстан биринчи орунга чыкты

2026-жылдын январь айында Өзбекстанга Кыргызстандан 300 миңге жакын турист барган. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук статистика комитети маалымдады.

Маалыматка ылайык, отчеттук айда Өзбекстанга туристтик максатта жалпы 950 миң 278 адам барган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 271 миң 600 адамга, же 40 пайызга көп.

Туристтердин саны боюнча алдыңкы орундарды коңшу мамлекеттер ээледи. Тактап айтканда, Кыргызстандан — 282 миң 798, Тажикстандан — 244 миң 373, Казакстандан — 207 миң 858 адам барган.

Мындан тышкары, Россиядан 69 миң 70, Афганистандан 43 миң 572, Түркмөнстандан 28 миң 150, Кытайдан 25 миң 666, Түркиядан 12 миң 740, Индиядан 6 миң 95 жана Кореядан келген 3 миң 237 турист катталган.

 

13:11, 17-02-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар