АКШда 13 мыйзамсыз мигрант кармалды, арасынба Кыргызстандыктар да бар
АКШда 13 мыйзамсыз мигрант кармалды, арасында Кыргызстандыктар да бар
АКШнын Пенсильвания штатындагы Армстронг округунда Иммиграция жана бажы кызматынын (ICE) кызматкерлери айдоочулук күбөлүк берүү борборунун жанында 13 адамды кармашты. Бул тууралуу CBS News АКШнын Ички коопсуздук министрлигине таянып билдирди.
АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин маалыматына ылайык, алардын баары мыйзамсыз мигранттар деп эсептелет.
Алардын арасында Өзбекстан, Кыргызстан жана Түркмөнстандын жарандары бар. Маалыматка караганда, кармалгандардын бири каршылык көрсөтүп, укук коргоо кызматкерине кол салган. Окуя болгон күнү жергиликтүү тургундардын көңүлүн борбордун жанындагы узун кезектер менен т унааларга толуп калган токтотуучу жай бурган. Күбөлөрдүн айтымында, айрым жүк ташуучу унаалардын кабинасында да көп адамдар болгон.
Жергиликтүү тургундар бул өзгөчө кырдаал тууралуу полицияга билдиришкен, андан кийин маалымат федералдык кызматтарга өткөрүлгөн. Натыйжада ICE кызматкерлери келип, кармоо иштерин жүргүзүшкөн.