Башкы прокурордун жаңы орун басарлары жамаатка тааныштырылды

Башкы прокурордун жаңы дайындалган биринчи орун басары Малик Бектурганов менен башкы прокурордун орун басары Залкар Акназаров эмгек жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, башкы прокурор Максат Асаналиев жаңы орун басарларына прокуратура органдарынын ишин мындан ары да системалуу өнүктүрүү, мыйзамдуулукту камсыз кылуу, тартипти жана жоопкерчиликти күчөтүү керектигин белгиледи.

Ошондой эле ал кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча маанилүү милдеттерди жүктөп, жооптуу кызматтарына ийгиликтерди каалады.

 

13:29, 16-02-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар