"Кыргыз жайыты" мамлекеттик ишканасы түзүлөт

Өлкөдө "Кыргыз жайыты" мамлекеттик ишканасы түзүлөт. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жаңы түзүлгөн мекеме жайыттарды калыбына келтирүү, коргоо жана мониторинг менен алектенет. Болбосо жайыттардын кунары качып, мал-жандыктын көптүгүнөн табият зыян тартууда.

"Жайлоолорго биостимулятор чачууну пландап жатабыз. Кичине болсо да жер кыртышы асылдуулугун арттырсын дейбиз", — деди министр.

Төрөбаев жайыттарды коргоо үчүн малды азайтып, сандан сапатка өткөрүү боюнча иш жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Дыйкандарга асыл тукум малдын уругу бекер таратылып, породасы жакшы мал алам дегендерге 3 пайыздык насыя берилүүдө.

 

15:21, 11-02-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар