Киного кетип дайынсыз: Бишкекте Перизат Бакназарова изделүүдө

Киного кетип дайынсыз: Бишкекте Перизат Бакназарова изделүүдө

Бишкекте 2007-жылы туулган Перизат Бакназарова 8-сентябрда үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз.

Саат 18:35 чамасында ал апасына кино көрүүгө бара жатканын айткан. Үйдөн чыккандан кийин байланышка чыкпай калган. Көзөмөл камераларынын жазууларында Перизаттын Гоголь көчөсү менен Новопавловка тарапка баратканы көрүнөт. Ал Гоголь көчөсү, 23 дарегиндеги «Эконом» дүкөнүнүн жанынан байкалган. Учурда анын кайда экени белгисиз.

Бою 165–166 см, арыкчырай келген кыз. Үстүндө ак футболка, кызгылт түстөгү жеңсиз күрмө (жилет), көк джинсы шым жана ак кроссовка болгон. Жанында кичинекей ак сумкасы бар эле.

Көрүп билгендерди 0 312 563248, 0 501 757809, 0 224 214346 же 102 номерлерине чалууну суранышат.

Арча медиа
10:53, 10-09-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар