Кара-Көлдө архитектуранын башчысы жер тилкелерин сатууга шектелүүдө

Кара-Көл шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысы жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп берген деп шектелип кармалды.

УКМКдан билдиришкендей, У.Б. 2021-жылы Өзгөн райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында башкы адис болуп иштеп турган учурда Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагынан ар бири 700 чарчы метрден турган төрт жер тилкесин бөлүп берүү үчүн М.Д.дан 2 млн сом алган.

Ал жер тилкелерин берүү үчүн бардык керектүү жол-жоболорду расмий эмес түрдө бүтүрүп берүүгө убада кылып, кийин мамлекеттик акттарды даярдоо жана жерлерди каттоо үчүн кошумча 200 миң сом алган. Бирок өлкөдө коррупцияга каршы күрөш күчөгөндүктөн, ал өз планын аягына чыгара албай калган.

Натыйжада, У.Б. убада кылынган жер тилкелерин М.Д.га өткөрүп бере алган эмес. Ошол эле учурда алынган жалпы 2,2 млн сомду жеке муктаждыктарына жумшаганы аныкталган.

2026-жылдын 4-февралында У.Б.га карата “Кызмат абалын алдамчылык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Учурда бул иш боюнча тергөө иштери улантылып, башка тиешеси бар адамдарды жана ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

 

09:36, 10-02-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар